Мэр Айбек Джунушалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө Бишкек шаардык санитардык полигондун аймагында катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү боюнча эко-технологиялык заводдун курулушу боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.
Келечектеги заводдун жалпы аянты 12 гектарды түзөт.
Заводдун курулуш аянтчасында учурда административдик имараттын жана негизги заводдун фундаменти куюлуп бүттү, 4-кабатка чейин бетон иштери бүткөрүлдү.
Кытай стандарттарынын негизинде заводго кирүүчү жол курулуп, бүгүнкү күндө 1000 метрден ашык жол салынды.
Заводдун курулуш аянтын түздөө жана 35 миң куб метр шагыл төшөө аткарылды.
Ошондой эле Кытай Эл Республикасынан келген 500 жумушчу үчүн убактылуу жатакана курулуп, компаниянын кызматкерлери үчүн убактылуу кеңсе курулду.
Учурда курулушта Кытай Эл Республикасынан келген 200дөн ашык жумушчу иштеп жатат.
Биринчи этапта санитардык полигондун аймагына курула турган таштандыларды утилдештирүү заводу суткасына 1000 тонна таштандыны иштеп чыгарып, электр энергиясын өндүрөт.
Суткасына 460 МВт, жылына 180 000 МВт өндүрүү пландаштырылууда.
Келечекте бул ишкананын кубаттуулугун жогорулатуу менен катуу калдыктарды утилдештирүүнүн көлөмүн суткасына 3000 тоннага жеткирүү пландалууда.
Курулуш иштери календардык планга ылайык жүргүзүлүп, 2025-жылдын декабрь айына бүткөрүү жана ишке киргизүү пландалууда.
Долбоорго инвестициянын жалпы көлөмү болжол менен 95 миллион АКШ долларын түзөт.