Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы белгиленбеген жерлерде жарнама жайгаштырууга каршы чараларды көрүүдө.  

Жарнамалар жарык берүүчү таянычтарга, имараттардын дубалдарына,  аялдамаларда жана дарактарга орнотулган жерлерде жоюлууда. Бул жерлер маалыматтык билдирүүлөрдү орнотууга арналган эмес.

2023-жылдын 17-декабрына карата Муниципалдык инспекция КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 107-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, 336 протокол түзүп, 1 084 000 сом айып пул салган.

Жарнама ээлерине бузулууларды жоюу жана шаардыктардын эстетикалык көрүнүшүн бузбоо талап кылынууда.

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Бишкек шаарынын аймагындагы маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу  эрежелерин жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптарды сактоону өтүнөбүз.

Мындай тартип бузуулар аныкталган учурда тартип бузуучуларга КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 3-беренесинин 107-бөлүгүнө ылайык, айып пул салынат. Айып пулдун өлчөмү жеке жактар үчүн 1 000 сом жана юридикалык жактар үчүн 5 000 сом.