ААРдин алкагында Бишкек шаарынын Октябрь районунун курамына кирген Көк-Жар айылы заманбап көчө жарыктандыруусун орнотуу менен өзгөртүлдү.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын адистери Кайыков, Коңур Осмонов, Күмүшалиева жана Куланов көчөлөрүн жарыктандыруу иштерин аякташты. Долбоордун алкагында 200дөн ашык кубаттуу чырактар орнотулуп, 6000 метрден ашык өзүн-өзү колдогон изоляцияланган зым (СИП) тартылды.  

Буга чейин айыл тургундары жарыктандырууну өз алдынча орнотуп келишкен, бирок ал туруксуз иштеп жаткан. Эми Көк-Жар көчөлөрү кечки сейилдөө үчүн коопсуз жана ыңгайлуу болуп калды.

Мындан тышкары, Чыныбек Алиев көчөсүндөгү Полиция шаарчасына жарык орнотулган.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы жума сайын жок дегенде бир көчөнү жарыктандырууну пландоодо.