Бишкек шаарында «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери карызы бар абоненттердин арасында рейддерди жүргүзүүдө.  

Борбор калаада тазалыкты сактоо үчүн атайын техникалар талап кылынат, ошондой эле ишкана кызматкерлеринин эмгек акысын мындан ары жогорулатуу зарыл.

Буга байланыштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасынын адистери бир нече жылдан бери катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн көрсөткөн кызматка карызын төлөбөй келген абоненттердин үйлөрүн кыдырып жатышат.