Бишкек шаарында "Жаш мугалимдин депозити" сынагы эки тур менен өттү.
Тест түрүндөгү биринчи тур №6 мектебинин базасында өттү. Ал эми экинчи тур маектешүү форматында өткөрүлдү.
Бүгүнкү күндө 126 адамдын ичинен 100 жаш педагог бардык этаптарды ийгиликтүү аяктады. Эми алар менен мектепте үч жыл үзгүлтүксүз иштөө боюнча келишим түзүлүп, жыйынтыгында 90 миң сомго жакын акча төлөнөт.
Белгилей кетсек, аталган программага борбор калаадагы ЖОЖду жаңы гана аяктаган муниципалдык мектептердин мугалимдери гана катыша алат.
Бул программаны ишке ашыруунун артыкчылыгы жаш кадрларды тартуу, ишке шыктандыруу жана иш шарттарын жакшыртуу болуп саналат.