10-16-декабрь күндөрү Кыргыз Республикасынын жаштар арасындагы стол тенниси боюнча (U-11, U-15, U-19) жеке-командалык чемпионат өттү.

Мелдешке Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас, Чүй облустары жана Бишкек шаарынан жаш ракетка чеберлери катышты.

Жалпысынан 13 медаль ойнотулуп, анын ичинен он бир комплект жеке жана жуптук сынактарда, ал эми эки комплект командалык эсепте жеңүүчүлөргө ыйгарылды.

Командалык мелдештин жыйынтыктары:

Уулдар арасында:
1-орун – Бишкек шаары (Атай Касымов U19, Абай Касымов U15 -СУСҮТ ОРАБӨМ, Арнас Темиркулов U11 - Теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрлөрү боюнча ОРАБӨМ);
2-орун – Жалал-Абад облусу;
3-орун – Ысык-Көл жана Ош облустары.

Кыздар арасында:
1-орун – Бишкек шаары (Рамида Абдимиталипова U19, Арууке Касымова U15 - Стол үстүндөгү теннис клубу “Билимкана-Бишкек”, Раяна Мураталиева U15 -Теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрлөрү боюнча ОРАБӨМ, Даяна Алмазбекова U11 - СУСҮТ ОРАБӨМ);
2-орун – Чүй облусу;
3-орун – Нарын жана Ысык-Көл облустары.

Мындан тышкары, мелдештин мыкты оюнчулары болуп Рамида Абдимиталипова жана Абай Касымов аталды.

Бул чемпионат өлкөнүн күчтүү оюнчуларын аныктап, жаш теннисчилердин тажрыйба алмашуусуна жана чеберчилигин жогорулатууга аянтча болуп берди.