Борбор калаада 2015-жылкы жана андан улуу кыздар арасында көркөм гимнастика боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты жана биринчилиги өттү.
Мелдешти Бишкек шаарынын көркөм гимнастика федерациясы, Кыргыз Республикасынын көркөм гимнастика федерациясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти уюштурду.
Турнирге 300дөн ашуун жаш спортчу катышып, алар алты категория боюнча күч сынашты: буюмсуз көнүгүү, обруч, топ, булава, лента жана топ менен көнүгүүлөр.
Мелдештердин негизги максаты – дени сак жашоо образын, көркөм гимнастиканы жайылтуу жана Бишкек шаарынын курама командасын түзүү болду.
2012-жылы туулган кыздар арасындагы Бишкек шаарынын чемпионатынын жеңүүчүлөрү:
Өмүрбекова Наиля – 1-орун;
Пак София – 2-орун;
Эсенбекова Айбийке – 3-орун;
Мамадалиева Альфиназ – 3-орун.
2011-жылы туулган кыздар:
Стамалиева Каныкей – 1-орун;
Яровая София – 1-орун;
Кенжебекова Адеми – 2-орун;
Серая Карина – 2-орун;
Айдарова Аиша – 3-орун.
2010-жылы туулган кыздар:
Арапова Асель – 1-орун;
Аркатова Злата – 1-орун;
Джангирова Самира – 2-орун;
Сорокина Дарья – 3-орун.
2009-жылы туулган кыздар:
Карайван Алина – 1-орун;
Газиева Арина – 1-орун;
Овчинникова Ульяна – 2-орун;
Молдобекова Арулана – 3-орун.
2008-жылкы жана андан улуу кыздар:
Удодова Александра – 1-орун;
Корчма Ангелина – 2-орун;
Маркелова Майя – 3-орун.
2015-жылы туулган кыздар арасындагы Бишкек шаарынын биринчилигинин жеңүүчүлөрү:
Туратова Анел – 1-орун;
Жузупбекова Даткайым – 2-орун;
Ратинова Полина – 3-орун.
2014-жылы туулган кыздар:
Матаева Акмаржан – 1-орун;
Забирова Софья – 1-орун;
Шафиева Руфина – 2-орун;
Иманалиева Аяна – 3-орун.
2013-жылы туулган кыздар:
Базарбаева Айзирек – 1-орун;
Джекшенбекова Наима – 1-орун;
Шахворостова Ариана – 2-орун;
Толобек Каныкей-Санира – 3-орун.
Топ менен көнүгүү жасоо боюнча жеңүүчүлөр:
2012-2014-ж.т.:
1-орун – «Академия Гимнастики» командасы;
2-орун – «Ынтымак» АРБӨСМ командасы.
2010-2011-ж.т.:
1-орун – «Олимп» АРБӨСМ командасы;
2-орун – «Ынтымак» АРБӨСМ командасы.
2008-2009-ж.т.:
1-орун – «Олимп» АРБӨСМ командасы.
Бардык жеңүүчүлөр медалдар жана грамоталар менен сыйланышты.