Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык аймактык башкармалык тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белек сатып алуу үчүн ишкерлерге демөөрчүлүк жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кат жолдогондугун аныктады.

Ошол эле учурда Бишкек шаарынын мэриясы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белектерди берүү үчүн жергиликтүү бюджеттен керектүү өлчөмдө каражат бөлгөн  жана МАБга жана шаардык кызматтарга акча каражатын табуу боюнча тапшырмалар берилген эмес.

Муниципалитеттин жыйынында мэр Айбек Джунушалиев бул маселени карап, тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Муну менен катар шаар башчысы кызматкерлерден акча чогултуу же чарбалык субъекттерди мажбурлоо жолу менен жетекчиликке белек уюштурууга жол берилбестигин кызматкерлерге катуу эскертти. «Максималдуу куттуктоо баракчалары!» деп белгиледи муниципалитеттин башчысы. Мэрдин орун басарларына жана аппарат жетекчисине бул маселени жеке көзөмөлүнө алып, эгерде мындай факты аныкталса, ээлеген кызматынан бошотуу боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.

Урматтуу жарандар! Бишкек шаарынын мэриясы ведомствого караштуу жана аймактык башкармалыктарга социалдык жана башка муктаждыктар үчүн акча каражаттарын же белектерди чогултуу боюнча эч кандай тапшырма бербейт. Мындай фактыга күбө болгондор болсо, WhatsApp номерине кайрылыңыздар: +996 500 883 338.