2024-жылдын 14-декабрында «Ала-Тоо» аянтында борбор калаанын башкы жаңы жылдык балатысын салтанаттуу түрдө жандыруу аземи өттү. Бул жаркын окуя Бишкекте майрамдык сезонду ачып, рекорддук сандагы катышуучуларды – 10 миңге жакын шаар тургундарын жана конокторун чогултту.

Быйыл Ала-Тоо аянты чыныгы кышкы жомокко айланган. Жөө жүрүү аймагы кеңейтилип, анда шаар тургундары үчүн уникалдуу жайлар: Санта Клаус жана Аяз-Ата үйү орнотулду, мында балдар жана чоңдор өздөрүнүн каалоо-тилектерин айтып,  сүйүктүү каармандары менен сүрөткө түшө алышат. Кичинекей балдар үчүн чыныгы кубанычка айланган муз тебүүчү аянтча бар.

Майрамдык атмосфераны түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат:
- ар бир дем алыш күндөрү үйлөмө аспаптар оркестри аянтта концерт коюп, шаарды жаңы жылдык сүйүктүү ырлардын обондору менен толтурууда;
- күн сайын аниматорлор, балдар жана алардын ата-энелери үчүн спектаклдер көрсөтүлөт.

Майрамдык маанайды балатынын жарыктандыруу күнүндө бай программа колдоду, чыгармачыл топтор сахнага чыгып, жаңы жылдык ырлар жаңырды.

Бишкек шаарынын мэриясы менен «Северное сияние» компаниясынын биргелешкен күч-аракет менен ар бир катышуучуга кубаныч тартуулаган ыңгайлуу жана атмосфералык майрам түзүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын бардык тургундарын жана конокторун 14-январына чейин  күн сайын Ала-Тоо аянтында өтө турган майрамдык иш-чараларга чакырат. Бул кыш мезгили унутулгус болсун!