Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында атайын мектеп окуучулары үчүн Ч. Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестинин негизинде коюлган спектакль тартууланды.

Спектакль Ленин районунун №84,№77, №82 жалпы билим берүүчү орто мектептеринин 700 окуучусуна көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында аларды мектеп мугалимдери жана балдар иштери боюнча инспекторлор коштоп жүрүштү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин "2023–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу жөнүндө" жана «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыктарын аткаруу максатында уюштурулду.