Бүгүн, 2024-жылдын 14-декабрында, борбор калаабыз Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысын салтанаттуу жандыруу аземи өттү. Бул жаркыраган иш-чара майрамдык сезондун башталышын белгилеп, шаар тургундарына жана конокторуна унутулгус жомоктогудай маанай тартуулады.
Салтанаттын ачылышында калаа башчысы Айбек Джунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев куттуктоо сөздөрү менен чыгып сүйлөп, шаардын тургундары үчүн биримдиктин жана майрамдык маанайдын маанисин баса белгилешти.
Майрамдын коноктору үчүн кызыктуу көңүл ачуучу программа даярдалды. Сахнада Кыргызстандын белгилүү артисттери: Гүлзинат Суранчиева, Аваз Акимов, Айдана Дека, Арсен, Кудайберди Айтбосунов, “Тамга” тобу, Шухрат Якубов, Нурмат Садыров, Айгерим Расул кызы, Сыймык Бейшекеев, Айганыш Абдиева, Абир Касенов, Сайкал Садыбакова жана Айар өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Белгилей кетсек, шаардыктар үчүн эс алуу аймагы кеңейтилген жана эс алуу жайлары көбөйтүлгөн, бул ар бир адамдын майрамдан ырахат алуусуна шарт түздү.
Мындан тышкары, балдар үчүн мастер-класстар, аниматорлор жана муз тебүү аянты уюштурулуп, кичинекей шаардыктар көңүлдүү убакыт өткөрө алышты. Ошондой эле аянтта түрдүү тамак-аш жана суусундуктар сунушталган фуд-зона ачылды.