Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын, мекеме-уюмдарды жана ишканаларды борбор калааны жаңы жылдык мыкты жасалгалоо боюнча конкурска  катышууга чакырат.

Конкурс майрамдык маанайды түзүү, шаардын эстетикалык көрүнүшүн жогорулатуу жана шаар тургундарынын чыгармачылык демилгесин колдоого багытталган.

Төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:


1. Администрациялык райондордун аймактарын (сейил бактарды, гүл бакчаларды, коомдук мейкиндиктерди ж.б.) жаңы жылдык эң жакшы жасалгалоо;

2. Министрликтердин жана ведомстволордун имараттарынын фасаддарын жана жанаша жайгашкан аймактарды жаңы жылдык эң жакшы жасалгалоо;

3. Ири соода комплекстеринин, борборлорунун жана базарлардын фасаддарын жана аларга жанаша жайгашкан аймактарды жаңы жылдык эң жакшы жасалгалоо;

4. Соода жана кызмат көрсөтүү объекттеринин, кеңселердин жана башка объекттердин фасаддарын жана аларга жанаша жайгашкан аймактарын жаңы жылдык эң жакшы жасалгалоо;

5. Көп кабаттуу турак үйлөрдүн короолорун жаңы жылдык эң жакшы жасалгалоо.

Уюштуруучулардын чечими менен номинацияларга өзгөртүүлөр киргизилип, кошумча  сыйлыктар белгилениши мүмкүн.

Баалоо критерийлери:

Конкурска Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациялары, министрликтер, ведомстволор, бюджеттик мекемелер, менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттер, жеке ишкерлер жана Бишкек шаарынын тургундары катыша алышат.

1. Катышуучулар 2024-жылдын 15-декабрынан 31-декабрына чейин dgh@meria.kg электрондук почтасына сынакка катышуу үчүн арызын электрондук түрдө тапшырышы керек.
2. Арызга кооздолгон объекттердин фотосүрөттөрү же видеолору тиркелүүгө тийиш. Сүрөттөр ачык-айкын жана жогорку сапатта болушу керек.
3. Сынактын материалдары жаңы жылдык темага туура келиши жана коопсуздук эрежелерин сактоо менен толтурулушу керек.