Борбор калаанын мэриясында мэрдин орун басары  Виктория Мозгачеванын жетекчилиги алдында жашы жете элек балдардын арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча штабдын жыйыны өттү.

Жыйынга райондордун администрация башчыларынын социалдык маселелер боюнча орун басарлары, Социалдык өнүгүү департаментинин, Билим берүү департаментинин өкүлдөрү жана Бишкек шаары боюнча ШИИБдин кызматкерлери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарында оор жашоо шартында калган балдарды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгы көрсөтүлүп, чоңдордун көзөмөлүсүз калган, ошондой эле мектепке барбаган балдар маселелери көтөрүлдү.

2024-жылдын 1-декабрына карата Бишкек шаарында оор жашоо шартында калган 676 үй-бүлө аныкталды. Тийиштүү иштер жүргүзүлдү, балдар камкордукка жана көзөмөлгө алынды, реабилитациялык борборлорго жайгаштырылды, ошондой эле асырап алуучу үй-бүлөлөргө берилди.

Эсептик мезгилде эмгек мигранттарынын балдарын аныктоо үчүн жалпы 2 939 үй-бүлөлүк изилдөө жүргүзүлдү. Анын натыйжасында 740 бала аныкталды.

2024-жылдын 11 айында Бишкек шаарында 109 рейддик иш-чара өткөрүлүп, анын жүрүшүндө 872 жашы жете элек бала аныкталды. Ата-энелер жана балдар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча оор жашоо шартында калган үй-бүлөлөрдү колдоо жана аларды оор кырдаалдан чыгаруу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүү, ошондой эле ата-энелер жана балдар менен мектептик билим алуунун маанилүүлүгү жана милдеттүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

ж