Бүгүн, 2024-жылдын 10-декабрында болжол менен саат 13:00  чамасында Балбан-Таймаш конушунун №1 көчөсү, 27-үй дарегинде өрт чыккан.

Шаар мэри Айбек Джунушалиев өрттөн турак-жайы жабыркаган жарандар менен жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө шаар башчысы шаардык кызматтарга жана Биринчи май администрациясына керектүү жардамдарды уюштуруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 16 үй-бүлө жана 40ка жакын адам жабыркаган.

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасы менен ыкчам чаралар көрүлүп, жашоочулар А.Каниметов атындагы №1 мектеп-интернатынын имаратына убактылуу жайгаштырылып, бардык шарттар түзүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан ысык тамак уюштурулуп, биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү.

Жергиликтүү бийлик социалдык кызматтар менен биргеликте  жабыркагандарга мындан аркы жардамдарды, анын ичинде документтерди калыбына келтирүүнү уюштурат.