2024-жылдын 25-ноябрынан 10-декабрына чейин Бишкек шаарында Пекин декларациясынын 30 жылдыгына арналган гендердик зомбулукка каршы активдүүлүк 16 күндүк кампаниясы өткөрүлдү. Кампаниянын урааны: «Аялдарга карата зомбулукту токтотуу үчүн бириккиле!» болду.
Кампаниянын алкагында төмөнкү иш-чаралар өткөрүлдү:
Флешмобдор: Иш-чаралар И. Панфилов атындагы паркта, Арбат аллеясында, Bishkek Park соода борборунда жана КРСУда өткөрүлдү. Ага 280 студент жана Жогорку Кеңештин депутаты катышты. Катышуучулар буклеттерди таратып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Маалыматтык семинарлар: Балдарды колдоо борбору гендердик зомбулук жана мыйзам алдындагы жоопкерчилик боюнча сабактарды өткөрдү. Мектептерде «Зомбулукту токтотуу» лекциялары жана «Зомбулуктун ордуна тынчтык» аттуу сүрөт сынактары уюштурулду.
Кызматкерлерди окутуу: «Аяр» борборунда социалдык өнүгүү кызматтарынын 45 кызматкерине зомбулуктун курмандыктары менен иштөө боюнча окутуулар өткөрүлдү.
Балдар менен иштөө: «Айданек» жана «Акниет» балдар борборлорунда класс сааттары жана сүрөт сынактары өткөрүлдү.
Дарыканаларды текшерүү: ШИИБ күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди сатуу эрежелерин сактоо боюнча текшерүүлөрдү жүргүздү.
Ошондой эле «Таберик» залында райондук кызматтардын жана коомдук уюмдардын катышуусунда жолугушуу өткөрүлдү.
Кампания зомбулукка каршы күрөшүүдө жана анын кесепеттери тууралуу маалымдуулукту жогорулатууда күчтөрдү бириктирүүнүн маанилүүлүгүн көрсөттү.