Бишкек шаарынын аймагында күйүүчү майларды мыйзамсыз сатуу фактыларын аныктоо боюнча иштер улантылууда.
Бул иштерге шаардык мэриянын Муниципалдык инспекциясы, Мамлекеттик салык кызматы жана милициянын патрулдук кызматынын башкармалыгы катышууда.
Жалпысынан 1 тонна 525 литр ГСМ алынган. Жол боюнда соода кылган соода түйүндөрүнө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесинин 1-бөлүгү боюнча 3 протокол түзүлүп, 9 000 сом айып пул салынган.
Окуя болгон жерде актылар түзүлүп, сатуу иштери токтотулушу керектиги боюнча эскертүү берилген. Күйүүчү майларды мындай жол менен сатуу өрттүн чыгуу коркунучун, жол кыймылындагы тартипсиздиктерди жана башка кооптуу кырдаалдарды жаратары белгиленген.
Катуу отунду саткан түйүндөр аныкталган. Буга чейин Муниципалдык инспекция тарабынан жолдун үстүн булгоого жол бербөө боюнча чараларды көрүү жөнүндө көрсөтмөлөр берилген.
Ошондой эле көпчүлүк сатуучулар өз соода иштерин жүргүзүү максатында дарактарга күйүүчү майдын баасы жана төлөм реквизиттери көрсөтүлгөн такталарды илип, дарактарга зыян келтиришкен. Инспекция бул такталарды алып салган.
Күйүүчү майды мыйзамсыз саткан сатуучуларды аныктоо боюнча рейддер улантылат.