“Жеңиш” спорт  мектебинде 500дөн ашык спортчунун башын бириктирген шотокан  каратэ-до боюнча масштабдуу турнир өттү.

Турнир шаардын спорттук турмушунда маанилүү окуя болуп, катышуучуларга калыс күрөштө күч сынашып, өзүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берди.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча командалар төмөнкүдөй жыйынтыктарды көрсөтүштү:

- «Жеңиш» спорт мектеби 22 алтын, 10 күмүш жана 14 коло медаль утуп, 1-орунду ээледи;
- Starcarateclub  19 алтын, 21 күмүш жана 13 коло медалга ээ болду;
- Бишкек Skif Chyi  14 алтын, 19 күмүш жана 16 коло медаль алды;
- Бишкектин шотокан каратэ-до федерациясы 6 алтын, 11 күмүш жана 16 коло медалга ээ болду;
- Shito-ryu 2 коло медалга ээ болду.

Турнир спортчулардын даярдыгынын жогорку деңгээлин дагы бир жолу тастыктады, ошондой эле катышуучулардын арасында тажрыйба алмашуу жана спорттук маанайды чыңдоо аянтчасы болду.