№52 орто мектепте “Гендер, ВИЧ жана зомбулук – өз ара байланыш” деген темада усулдук семинар жана интерактивдүү Quiz- оюну өттү.

Иш-чараны Бишкек шаардык гемоконтакттык вирустук гепатит жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусуна каршы күрөшүү борбору (БГЦКГВгВИЧ) БУУнун Аялдар уюму менен биргеликте Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов району боюнча муниципалдык администрациясынын колдоосу менен уюштурду.

Ага райондук администрациянын башчысынын орун басары Асел Садыкова, райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Жыргал Абдыжапарова, ошондой эле билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, социалдык кызматкерлер жана мектеп окуучулары катышты.

Иш-чара зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк жана Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата өткөрүлүүдө. Анын негизги максаты - ВИЧ-инфекциясы, гендердик теңчилик жана зомбулукка каршы маалымдуулукту жогорулатуу, стигма жана дискриминация менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл буруу болуп саналат.

Программанын негизги элементтеринин бири интерактивдүү Quiz-оюну болду, ага райондун мектептеринин жетекчилиги жана педагогикалык жамаатынан турган алты команда катышты. Оюн катышуучуларга ВИЧтин алдын алуу, гендердик теңчилик жана зомбулукка каршы күрөшүүнүн маанилүү аспектилерин кызыктуу түрдө үйрөнүүгө мүмкүндүк берди. Катышуучулар сунушталган темаларды активдүү талкуулап, тажрыйба алмашып, эксперттерден пайдалуу маалыматтарды алышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар өсүп келе жаткан муундун жана мугалимдердин ВИЧ-инфекциясынын алдын алуу жана зордук-зомбулукка каршы туруу боюнча билимдерди калыптандырууга өбөлгө түзгөн мындай демилгелердин маанилүүлүгүн белгилешти. Семинар негизги социалдык көйгөйлөр боюнча маалымдуулукту жогорулатууда олуттуу кадам болуп, ошондой эле мугалимдер жамаатынын конструктивдүү диалогун өнүктүрүүгө салым кошту.