2024-жылдын 7-9-декабрь күндөрү Бишкек шаарында көркөм гимнастика боюнча чемпионат жана биринчилик өткөрүлүп, ага 300дөн ашуун жаш спортчу кыздар катышты.

Салтанаттуу ачылыш аземи 7-декабрда өттү. Иш-чарада Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева куттуктоо сөзү менен чыгып, көркөм гимнастика спорт гана эмес, эстетика менен шайкештиктин символу экенин белгилеп, бардык катышуучуларга ийгиликтерди  каалады.

Мелдештин алкагында гимнасттар калыстар тобунун алдында өз таланттарын жана чеберчиликтерин көрсөтүштү.

Чемпионат жана биринчилик жаш спортчулардын мүмкүнчүлүктөрүн ачып, көркөм гимнастиканы жаштар арасында жайылтууга аянтча болуп берди.

Иш-чаранын уюштуруучулары — Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Бишкек шаарынын көркөм гимнастика федерациясы.

оооо