2024-жылдын 14-декабрында саат 18:30да Ала-Тоо борбордук аянтында башкы жаңы жылдык балатыны жандыруу салтанаты өтөт.
Бул иш-чара майрамдын башталышын жар салып, бардык тургундарга жана конокторго жомок менен сыйкырдуу атмосфера тартуулайт.
Быйыл Ала-Тоо аянты жаңыча кооздолуп, өзгөрүлөт. Шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн сейилдөөчү аймактар кеңейтилди, эс алуу үчүн көбүрөөк жайлар түзүлүп, ар бир адам майрамдын шаңын толук сезе алат.
Майрамдын конокторун ар түрдүү кызыктуу программа күтөт: күн сайын көңүл ачуучу иш-чаралар, музыкалык жана бий номерлери, ошондой эле аниматорлордун көрсөтүүсү. Балдар үчүн мастер-класстар жана муз тебүүчү аянт уюштурулуп, аларга көңүлдүү убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан тышкары, түрдүү тамак-аш жана суусундуктар сунушталган фуд-зона иштейт.
Бишкек шаарынын мэриясы баарын ушул кереметтүү кечке чакырат. Келгиле, жаңы жылдык майрамдардын башталышын чогуу тосуп алалы! Миңдеген шам чырактар жана уникалдуу жасалгалар менен кооздолгон башкы балаты шаар тургундары үчүн биримдиктин жана кубанычтын символу болот.