Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында муниципалитеттин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана райондук администрациялардын арасында өткөн Мэрдин кубогунун жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин сыйлоо аземи өттү.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев командаларды жеңиши менен куттуктап, кубок жана медалдарды тапшырды.
Белгилей кетсек, мелдеш 20дан ашык команданын башын бириктирип, кичи футбол, волейбол, стол тенниси, бильярд, шахмат, дартс, сууда сүзүү, аркан тартыш жана ордо боюнча өттү.
Сынактын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери:
- кичи-футбол:
1-орун – «Тазалык» муниципалдык ишканасы;
2-орун - «Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасы;
3-орун - Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти.
- волейбол:
1-орун – «Тазалык» муниципалдык ишканасы;
2-орун - "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы;
3-орун - Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы.
- бильярд:
1-орун - «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы;
2-орун – «Тазалык» муниципалдык ишканасы;
3-орун - Свердлов райондук администрациясы.
- шахмат:
1-орун - Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы;
2-орун - "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы;
3-орун - Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы.
- дартс:
1-орун – «Тазалык» муниципалдык ишканасы;
2-орун - "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы;
3-орун - "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы.
- аркан тартыш:
1-орун - "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы;
2-орун – «Тазалык» муниципалдык ишканасы;
3-орун - Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы.
- ордо:
1-орун - Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы;
2-орун - «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы;
3-орун - Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы.
- стол тенниси:
1-орун - Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы;
2-орун - Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы;
3-орун – «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы.
- сууда сүзүү:
1-орун - Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын командасы;
2-орун - Свердлов райондук администрациясы.