Биринчи май районунда "Гендердик зомбулукка каршы активдүү аракеттердин 16 күнү" эл аралык кампаниясынын алкагында кызгылт сары флешмоб өткөрүлдү.

Биринчи май районунун акиминин орун басары А. Арстамбекова, райондук билим берүү башкармалыгынын директору С.К. Шербаева, райондук ИИБнын орун басары С. Шералиев, ЖИИнин башчысы м. к. Жапаров, мектептердин лидерлери жана райондогу балдар чыгармачылык борборунун өкүлдөрү катышты.

Флешмобдо мандариндер, брелоктор жана зомбулук боюнча кайрылуулар үчүн ишеним телефондорунун номерлери жазылган маалыматтык буклеттер таратылды.

Иш – аракет же колдоо аркылуу болобу, зордук-зомбулуктун алдын алууга салым кошо алабыз жана салым кошушубуз керек. Аялдар жана балдар жалгыз эмес экенине, алардын артында күчтүү жана ынтымактуу коомчулук жардамга келип, аларды коргоого даяр экенине ишениши керек.