Бүгүнкү күндө инвестор тарабынан уюштуруу иштери, тактап айтканда, долбоордук топтун иштөөсү үчүн жумушчу жана турак жай аянтын уюштуруу үчүн контейнер блокторун орнотуу жана куруу аяктады.

Мындан тышкары, полигондун аймагында болочок заводдун пайдубалын куюу иштери жүрүп жатат. Азыр Кытай Эл Республикасынан курулуш жана инженердик курулуш иштерин жүргүзүү үчүн  жумушчулар жана инженер-техник кызматкерлер тартылып жатат.
Таштанды чыгаруучу заводдун жабдуулары жана тетиктери да акырындап келе баштады.
Учурда бул жерде 180ден ашуун жумушчу эмгектенет.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 29-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен«Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда таштандыларды кайра иштетүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлган.

Санитардык полигондун аймагына курулушу пландалып жаткан таштандыларды кайра иштетүүчү цехтин биринчи этабы суткасына 1000 тонна таштандыны чыгарып, электр энергиясын өндүрөт.

Долбоорго инвестициянын жалпы көлөмү болжол менен 95 миллион АКШ долларын түзөт.

Заводдун курулушун 2025-жылдын декабрында бүтүрүү пландалууда.

Келечекте бул ишкананын кубаттуулугун жогорулатуу менен катуу калдыктарды күйүү көлөмүн суткасына 3000 тоннага жеткирүү пландалууда.

Келечекте аталган заводдун кубаттуулугун жогорулатуу жолу менен КТКны күнүнө 3000 тоннага чейин күйгүзүү пландалууда.