Ленин районунун аймагында "өспүрүм" рейддик иш-чаралар өтүп жатат.

Алсак, акимиаттын кызматкерлери ички иштер башкармалыгынын, социалдык коргоо башкармалыгынын, билим берүү башкармалыгынын, МАБнын, кварталдык жана үй комитеттеринин өкүлдөрү менен биргеликте түнкүсүн ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок көчөдө жана коомдук жайларда жүргөн жашы жете электерди аныктоо максатында профилактикалык рейддерди жүргүзүп жатышат.

Рейддин негизги максаты балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, жашы жете электер арасында укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу болуп саналат.

Рейддин жүрүшүндө жашы жете элек 25 бала аныкталды, алар саат 22.00 дөн кийин чоңдордун коштоосу жок коомдук жайларда болушкан.

Жашы жете электер менен түнкү убакта чоңдордун коштоосуз жүрүүсүнө байланышкан тобокелдиктер жөнүндө профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.