Бүгүн, 2024-жылдын 6-декабрында саат 08:00дөн 15:30га чейин Бишкек шаарынын батыш тарабында жеке керектөөчүлөр үчүн ысык суунун параметрлери убактылуу төмөндөшү мүмкүн.
Көчөдөгү курулуп жаткан жаңы жолдун үстүнөн өткөн буу түтүктөрүн кайра кесүү боюнча мындан аркы жумуштарга даярдык көрүү максатында Бакаев кочосунон темир жол линиясы менен кесилишкен жеринде №96 стационардык тирөөчтөн батыш тарапка «Бишкексельмаш» отканасын көздөй буу берүү токтотулат.
Бул иштер жаңы жолдун курулушун тездетүү, ошондой эле жылуулук менен ишенимдүү камсыздоо жана суук мезгилде авариялык кырдаалдардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.