Биринчи май районунун аймагында дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтүүдө.

Айыл чарба жарманкеси Түгөлбай-Ата көчөсүндө Эркиндик бульвары менен Тыныстанов көчөсүнүн ортосунда өтөт.

Жарманкенин максаты - ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо.

Өз кезегинде шаар тургундары айыл чарба продукцияларын дүң жана чекене баада сатып ала алышат.