Калаа мэринин орун басары Азамат Кадыров, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Муниципалдык инспекциянын, Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынын жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин адистери катышты.

Рейддин жүрүшүндө автоунаалардын катализатору, бөлүнүп чыккан түтүндүн жаратылышка зыяндуулугу текшерилди.

Жыйынтыгында борбордогу унаалардын басымдуу бөлүгү көмүр кычкыл газын нормадан көп бөлүп чыгара турганы аныкталды. Айрым унааларда чыккан түтүндү чыпкалай турган катализатор жок болуп чыкты.

Мындай жагдайлар аныкталган учурда КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айдоочуларга протоколдор түзүлөт.

Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэриясы катализатор сатуучу пункттарды ачууну пландап жатат. Аталган жайларда түтүндү чыпкалай турган жабдык базар баасынан үч эсе арзан болот.

Белгилей кетсек, мындай чара борбордун атмосфералык абасынын абалын жакшыртууга багытталган. Мындай рейддик иш-чаралар улантылат.

Маалымат үчүн: Расмий статистика боюнча Бишкек шаарынын аймагында 400 миңден ашык унаа катталган. Андан тышкары аймактардан келген унааларды кошо эсептегенде шаардагы унаалардын саны 500 миңден ашат.