Бишкек шаарынын мэриясы Youtube видеохостингине жарыяланган мурдагы "Ак-Кула" ипподромунун жер тилкесин акы төлөп өткөрүп берүү маселеси боюнча билдирет.
Хронология
2020-жылдын 2-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ак-Кула» атмайданынын имаратынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстелик статусун жоготту деп таануу жөнүндө, ошондой эле аны бузуу жана атмайдандын жаңы комплексин куруу тууралуу»” токтому чыккан.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-декабрындагы буйругу менен Бишкек шаарынын мэриясына Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында жайгашкан жалпы аянты 200 гектардан ашык жеке менчик жерлерди сатып алуу сунушталды.
Аталган жер жаңы ипподромду долбоорлоого жана курууга арналган.
Андан ары Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 117 токтому менен 2024-2025-жылдарга карата Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасы жана 2024–2025-жылдары Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объектилерин менчиктештирүүгө тийиш болгон объекттердин тизмеси бекитилген.
Ага ылайык, “Ак-Кула” ипподромунун 105 миллион долларга бааланган мүлк комплексин сатуу каралган (бүгүнкү күндө Улуттук банктын расмий курсу боюнча 9,114 миллиард сомду түзөт).
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти тарабынан «Ак-Кула» ипподромунун мүлк комплекси 2024-жылдын 15-апрелинде жана 11-июнда электрондук аукцион аркылуу эки жолу коюлган, бирок аукциондун катышуучуларынын жоктугуна байланыштуу бул аукциондор жараксыз деп табылган.
2024-жылдын 8-июлунда Бишкек шаарынын мэриясына «ROX Group» жана «TNG Global Foundation» компанияларынан "Ак-Кула" ипподромунун мүлк комплексин жалпы аянты 53,5 га жер тилкеси менен түз сатып алуу сунушу түшкөн.
2024-жылдын 19-августунда БШКнын токтому менен муниципалдык менчикти түз сатуу жолу менен менчиктештирүүгө макулдук берилген.
Финансыны, капиталды жана операциялык ишмердүүлүктү натыйжалуу башкаруу, ошондой эле эффективдүүлүктү ачык-айкын баалоо максатында «ROX Group» жана «TNG Global Foundation» компаниялары тарабынан "РЦА Ливинг" ЖЧКсы туунду компаниясы түзүлгөн. Мындан тышкары, «РЦА Ливингдин» 3% Кыргызстандагы жергиликтүү өкүлгө таандык.
2024-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети буйругу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «РЦА Ливинг» ЖЧКсынын ортосундагы «Бишкек шаарында бизнес-борборлору, турак-жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, сейил бак зоналары менен имараттардын комплексин куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун долбоору жактырылган, ага 14-октябрь 2024-жылы кол коюлган.
2024-жылдын 15-октябрында инвестор жалпы сумманын 10% (67 000 000 доллар) өлчөмүндө алдын ала төлөм жүргүзгөн.
Бүгүнкү күндө жалпы сумманын 100%ы муниципалдык бюджетке которулду. Бул сумма борбор калаанын бюджетинин киреше бөлүгүндө каралып, чыгашалар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, анын ичинде «Алга» стадионунун курулушу, жолдорду реконструкциялоо, Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи аренасын, «Баластан» бала бакчасын куруу ж.б. киргизилген.
Жыйынтыгында социалдык объекттерди (үч жалпы билим берүү мекемесин; үч мектепке чейинки билим берүү мекемесин), парк зоналарын, жогоруда аталган объекттерге муниципалдык жолдорду жана тротуарларды, инженердик тармактарды куруу, ошондой эле Бишкек шаарынын башкы планын иштеп чыгууга каражат бөлүү менен түзүлгөн келишимдин суммасы 10 миллиард сомго жакынды түзөт.