Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү “Манас” эпосун белгилөө күнүнө карата мектеп окуучуларынын арасында “Жаш манасчы – 2024” онлайн шаардык кароо-сынагын жана кызматкерлер арасында “Үйрөнчүк манасчы – 2024” шаардык кароо-сынагын өткөрдү.

“Жаш манасчы – 2024” онлайн шаардык кароо-сынакка райондук деңгээлдеги онлайн сынактардан алдыңкы орундарга ээ болгон борбор шаардагы жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары катышып, жаш манасчылар “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү кыргыз жана англис тилдеринде айтышты.

“Жаш манасчы – 2024” онлайн шаардык кароо-сынагында кыргыз тилинде “Манас” эпосунан үзүндү айткандардын арасынан Анарбеков Узарбек Баш байгеге (№ 35 ОМ), Мирланов Уларбек 1-орунга (№ 118 ОМ), Бекташов Умар 2-орунга (№ 107 ОМ), Асангулов Баймырза 3-орунга (№ 67 ОМ) ээ болуп, ал эми кыргыз-англис тилдеринде эпостан үзүндү айткандардын арасынан Чомотоева Сауле Баш байгеге (№ 73 ОМ), Мамытбеков Бексултан 1-орунга (№119 ОМ), Алымжанова Каныкей 2-орунга (№ 39 ОМ), Жумагазиев Бактияр 3-орунга (№ 51 ОМ) татыктуу болушту.

“Үйрөнчүк манасчы – 2024” шаардык кароо-сынагына Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана ишканаларынын кызматкерлери катышты.

Кызматкерлер арасындагы шаардык кароо-сынактын жыйынтыгы боюнча Баш байгеге Койсун Кемелбекова (Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин “Акниет” турмуштун оор кырдаалында турган балдар үчүн борборунун кызматкери), 1-орунга Нурбек кызы Үмүт (№ 46 ОМдун мугалими), 2-орунга Айнура Осмонбекова (Шаардык балдар чыгармачылык борборунун кызматкери),  3-орунга Нуржигит Майаков (Биринчи май администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын кызматкери) жана Айшакан Сейталиева (№ 107 ОМдун мугалими), 4-орунга Урматбек уулу Узак (№ 4 балдар искусство мектебинин мугалими) жана  Шабданбек Орозматов (“Бишкек троллейбус башкармалыгы” МИнин кызматкери) ээ болушту.

Калыстар тобунда Кыргыз улуттук “Манас” театрынын манасчы кызматкерлери болуп, шаардык кароо-сынак Кыргыз улуттук тарых музейинде өткөрүлүп, бардык катышуучуларга сыйлыктар тапшырылды.

“Жаш манасчы – 2024” жана “Үйрөнчүк манасчы – 2024” шаардык сынактары жаштар жана кызматкерлер арасында “Манас” эпосун жайылтуу, “Кыргыз  Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жана “Манас” эпосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында уюштурулду.