“Тазалык” муниципалдык ишканасы күз-кыш мезгилине даяр.
Ишкана борбордун көчөлөрүнө жана тротуарларга чачуу үчүн техникалык туз камдады.
2024-жылдын 30-ноябрына карата ишкананын кампасында 3 миң тоннадан ашык техникалык туз бар жана жакынкы аралыкта дагы 2 миң тонна келет.
Белгилей кетсек, магистралдык көчөлөрдү тазалоо үчүн былтыркы атайын техникаларга 15 "Беларус" трактору, 4 "Бопкат" трактору жана 4 HOWO кошулду.
Ошентип, кыш мезгилинде шаарды 22 "Беларусь" трактору, 4 "Бопкат" трактору, магистралдык көчөлөрдү таштанды менен тазалоо үчүн 4 HOWO жана тротуарларды жана парктарды кардан тазалоо үчүн 1 кар жүктөгүч трактор тейлейт. Ошондой эле 26 бирдик МАЗ үлгүсүндөгү атайын техникасы жолдорду кардан тазалап, туз себүүгө даяр.
Мындан тышкары, төмөнкү атайын техника дагы 15-декабрга чейин келет:
Кар жүктөгүч – 2 даана;
Таштанды ташуучу унаа – 31 даана;
Самосвал – 21 даана;
Грейфер жүктөгүч – 3 даана;
Кран-манипулятор – 1 даана;
Жабдуулары бар кичи жүктөгүчтөр – 2 даана;
Бириктирилген жол унаасы – 20 даана;
Сугат унаасы – 2 даана.
Күз-кыш мезгилиндеги тазалоо иштери Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринин талаптарына ылайык жүргүзүлүүдө.