Биринчи май районунун №19-орто мектебинде "Манас - кыргыз рухунун туу чокусу" аттуу иш-чара өттү.
Мектеп окуучулары спектаклди көрсөтүп, ошондой эле "Манас" эпосунан үзүндү айтып беришти.
Мындан тышкары, "Манас" улуттук театры мектепке чейинки жалпы билим берүү уюмдарынын тарбиялануучуларынын арасында "Манас айтуу" кароо-сынагын өткөрдү.
Жыйынтыгында байгелүү орундарга төмөнкүлөр ээ болушту:
Курманбеков Нурболот (№21 МЧББУ) - 1-орун;
Искендерова Нурайым (№43 МЧББУ) - 1-орун;
Дадакозуев Бехрузбек (№118 МЧББУ) – 1 орун.
Бусурманова Айша (№21 МЧББУ) – 2 орун;
Зейбел Ева (№118 МЧББУ) – 2-орун;
Ильязбекова Ширин (№26 МЧББУ)– 2 орун;
Бахтияр уулу Акбар (№131 МЧББУ) – 2 орун.
Баяманова Карина (№26 МЧББУ) - 3-орун;
Смирнов Артем (№118 МЧББУ) - 3-орун;
Асипбекова Айдемир (№131МЧББУ) – 3-орун;
Шейшенова Ханзада (№43МЧББУ) – 3-орун;
№28 МЧББУнун тарбиялынуучуларынын тобу -3 орун;
Акматалиева Сезим жана Шаршенова Насыйат (№117 орто мектептин алдындагы "Эне мектеби " ) – 3-орун.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек"эпостору) - кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасын ар тараптан изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" №126 Жарлыгын аткаруу максатында өткөрүлүүдө.