Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы кечки рейд өткөрдү. Новопавловка айылындагы жана Ак-Ордо конушундагы мончолор текшерилди.

Комиссиянын курамына   Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана техникалык көзөмөл кызматынын өкүлдөрү кирет.

Текшерүүнүн жүрүшүндө тыюу салынган буюмдардын (таштандылар, курулуш материалдары, лак-боёк материалдары, тигүү калдыктары, резина, бөтөлкөлөр) күйүү фактысы аныкталган эмес. Мончолордо катуу жана көгүлтүр отун колдонулат.

Жалпысынан муниципалдык инспекция тарабынан 62 мончо жана сауна текшерилди. Бул багыттагы иштер улантылат.

Тыюу салынган буюмдарды өрттөө үчүн КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык,  7500 сомдон 23000 сомго чейин айып пул каралган.