2024-жылдын 22-ноябрынан 26-ноябрына чейин Сыктывкар шаарында (Коми Республикасы, Россия) Үчүнчү ачык жаштардын Арктика Дельфий оюндары өттү. Иш-чарага Арктика  аймактарынан, Россия Федерациясынын көпчүлүк аймактарынан, ошондой эле КМШ, БРИКС жана ШКУ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Сынакка 600дөн ашык адам катышып, калыстар тобуна 40ка жакын көрүнүктүү маданият ишмерлери кирди. 10 жаштан 25 жашка чейинки жаш таланттар фортепиано, скрипка, эстрада жана элдик ыр, элдик бий, фото, сүрөт жана кулинардык өнөр, элдик аспаптар, көркөм кол өнөрчүлүк сыяктуу 10 номинация боюнча ат салышты. Жаш курактык топторго бөлүнүп, тесттерди эки тур менен өткөрүү пландалган.

Катышуучулардын арасында Бишкек шаарынын мэриясынын №4 балдар искусство мектебинин таланттуу окуучулары жогорку чеберчиликти көрсөтүп, байгелүү орундарга ээ болушту:
* Ибраимова Айша – «Фортепиано» категориясы боюнча коло медаль;
* Сарпашов Мырза – «Эстрадалык ырдоо» номинациясында коло медаль;
* Садыбакасова Айымбүбү – «Сүрөт искусствосу» номинациясында «Теманы чыгармачылык менен аткаргандыгы үчүн» диплому;
* Чыңгыз Исраилов – «Элдик аспаптар» номинациясында «Чеберчилиги үчүн» диплому.

Оюндар ачылыш жана жабылуу аземдери менен коштолду, ал эми финал жаштардын маданиятынын күчүн жана көп түрдүүлүгүн көрсөткөн гала-концерт менен өттү.

Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу тааныткан окуучуларыбызга ийгиликтери менен сыймыктанабыз жана алардын кесипкөйлүгү, шыктанышы жана өз ишине берилгендиги үчүн мугалимдерине чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз.

Бишкек шаарынын мэриясы жаш таланттарга мындан аркы чыгармачылык жеңиштерди, жаңы ийгиликтерди каалайт!