Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы рейд  учурунда өз билемдик менен бак-дарактарды кыюу фактысын аныктады. Бузуулар Биринчи май районунда жеке жак тарабынан жасалган.

Муниципалдык аймакта жайгашкан бак-дарактар   тиешелүү уруксаты жок кыйылган.  Аталган факты боюнча инспекция тарабынан КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 2-беренесинин 179-бөлүмү боюнча 5 500 сом суммасында протокол түзүлгөн.

Мыйзам бузуучу күнөөсүн мойнуна алып, жеринде токтом чыгарылды. Ошондой эле шаар тургуну кыйылган бактын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу милдетин алды. Борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин сактоо боюнча кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Урматтуу шаардыктар жана уюмдар! Эгерде сиз бак кыя турган болсоңуз, "Бишкекжашылчарба" МИсинин адистерине билдирүү  калтырыңыз. Андан ары кызматкерлер дарактын абалын текшерүү үчүн барышат.