Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы Бишкек жылуулук электр борборунун аймагын жарыктандырды.
Долбоордун алкагында адистер 45 заманбап чыракты, 36 темир мамы жана 145 кубаттуу прожекторлорду орнотушту жана тутумдун ишенимдүү иштешин камсыз кылуу үчүн 1500 метрден ашык өзүн-өзү колдогон изоляцияланган зым (СИП) тартышты.
Эми имараттын ичи да, жанындагы аллеяда да жарык болуп калды.