Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев  орун басарлары, район акимдери  жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте «Орто-Сай» жана«Аламедин» базарларынын маселеси боюнча мурда берилген иштердин жүрүшүн текшерди.

Алгач Жукеев-Пудовкин жана Безымянная көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын аймагы текшерилди.

Ушул эле аянттын маңдайында дагы 250-300 унаага ылайыкталган ротордук унаа токтотуучу жай пландаштырылган. Курулуш иштерин тездетүү тапшырмасы берилди.

Мэр базардагы өтмөктөрдү текшерип, уруксат берилбеген объектилердин баарын демонтаждоону тапшырды.

Ошондой эле, «Бишкекасфальтсервис» МИсине аткарылган иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруу милдети коюлду. Бүгүнкү күндө ишкана аянтка асфальт төшөө иштерин улантууда.

Андан соң «Аламедин» базарын текшерип, аялдамадагы мыйзам бузууларды жоюу, ошондой эле базардын жанындагы тротуарды оңдоо боюнча тапшырмалар берилди.

Бул жерде сейил бактын аймагында унаа токтотуучу жайлар уюштурулган, муниципалдык инспекцияга КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык, белгиленген тартипте чараларды көрүү тапшырылды.

Калаа башчысы бардык аймактарда мыйзамсыз токтотулган унааларды эвакуациялоо иштерин күчөтүүнү тапшырды.

А.Джунушалиев «Орто-Сай», «Аламедин», «Дордой» базарларында кандай иштер аткарыла турган негизги маселелерди белгиледи:

- өрт коопсуздугу
- санитардык нормалар
- айлана-чөйрөнү жашылдандыруу.

Ошондой эле мэр унаа токтотуучу жайларды көбөйтүү пландалып жатканын кошумчалады.