Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын залында майыптардык эла аралык күнүнө арналган ХХIV-шаардык көркөм чыгармачылык фестивалынын жана "Күн баарына бирдей тиет" аттуу прикладдык искусство конкурсунун гала - концерти өттү.

Майрамдык иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жыл сайын өтүүчү өздүк көркөм чыгармачылык фестивалынын, прикладдык искусство конкурсунун жана майыптар арасындагы спартакиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылы аталган иш-чараларга 27 уюм, анын ичинде 12 балдар мекемеси жана 15 чоңдор коомдук бирикмелери, фонддор жана реабилитациялык борборлор катышкан.

Жеңүүчүлөргө баалуу белектер, тиешелүү дипломдор жана грамоталар тапшырылды. Көмөкчү мектептерден, коомдук уюмдардан жана борборлордон келген балдарга таттуулар түрүндө белектер берилет.

Маалымдама: азыркы учурда Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү мекемелеринде 13,7 миңден ашык майыптыгы бар адамдар каттоодо турат.