Бишкек шаарынын Биринчи май райондук балдардын чыгармачылык борборунун «Билерик» ансамбли «TALANT-STAR» эл аралык балдар, жаштар жана чыгармачылык сынак-фестивалынын башкы жеңүүчүсү болду.

Иш-чара 2024-жылдын 30-ноябрында Туркестан шаарында (Казакстанда) болгон.

Кайрат Салмакеевдин жетекчилиги астында жаш бийчилер өздөрүнүн чеберчилиги менен калыстар тобун жана көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду.

Катышуучулар хореография номинациясында Гран-приге ээ болуп, Алтын кубок жана дипломдор менен сыйланышты.

Жеңүүчү команданын курамы: №81 мектептин окуучулары - Асылбекова Раяна, Асылбекова Зульфия, Гайбиллаева Гүлнур, Сатыбалдиева Сабина, Дүйшөналиева Даяна жана Айсел Мусаева.

Белгилей кетсек, «TALANT-STAR» сынагы балдардын жана жаштардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө, балдардын чыгармачылыгын колдоо жана жайылтууга багытталган.