Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти борбордогу № 13 мектебинде «Айкөл Манас баяны» конкурсун өткөрдү.
Иш-чарага борбор калаанын № 32, 59, 78, 66 жана 80 мектептеринин окуучулары катышты.
Аталган сынак Кыргыз Республикасынын Президентинин "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" №126 Жарлыгын аткаруу максатында уюштурулган.
Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар таланттуу балдарды шыктандырып, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн идеологиясын бекемдейт.
Сынактын шаардык этабынын жыйынтыгы боюнча биринчи орунду №80 мектептин окуучулары, экинчи орунду №78 мектептин окуучулары, үчүнчү орунду №59 мектептин жана №66 мектептин окуучулары ээлешти.