Борбор калаада уруксатсыз жерлерге таштанды таштоого жол бербөө боюнча рейддик иш-чаралар уланууда. Муниципалдык инспекция Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды аныктады.

Төмөнкү шаар тургундарына протоколдор түзүлдү:
•Жаран Е.Б.М. Буденный көчөсү, 153 дарегинде тиричилик таштандыларын белгиленбеген жерге таштаган. КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды;
•Ушул эле берененин негизинде Б.О.Б. аттуу жаран уруксатсыз жерге таштанды таштаганы үчүн 5 500 сом айыпка жыгылды;
•Жеке ишкер К.у.Н. Шабдан Баатыр проспектиси, 43 дарегинде таштанды таштаганы үчүн 17 000 сом айып пул салынды (115-берене, 1-бөлүк);
•“Маевка” МАБнын  аймагына курулуш таштандыларын таштаганы үчүн башка бир жаранга 115-берененин 2-бөлүгүнүн негизинде 7 500 сом айып салынды.

КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 115-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык, төмөнкүлөр айыпка тартылды:
•К.К. аттуу жаран Огонбаев көчөсү, 93 дарегинде курулуш таштандыларын чогулткандыгы  үчүн 7 500 сом (115-берене, 2-бөлүк);
•Абдрахманов көчөсү, 204 дарегиндеги “Просто Доставка” ЖЧКсы 17 000 сом айып пул (115-берене, 1-бөлүк);
•Сүйүнбаев көчөсү, 123 дарегиндеги “Альфа Телеком” ЖАК  17 000 сом айыпка жыгылды (115-берене, 1-бөлүк);
•Жеке ишкер Т.И. Чүй проспектиси, 52/1 дарегинде курулуш таштандыларын чогулткандыгы үчүн айыпка тартылды.

Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан, бардык чарбалык субъекттер айланасында  тазалыкты сактоого милдеттүү. КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренесине ылайык, бул эрежелерди сактабаган адамдарга 3 000ден 13 000 сомго чейин айып пул салынат.
Урматтуу шаар тургундары жана ишкерлер! Таштандыны контейнердик аянтчаларга гана таштап, шаардын тазалыгын сактоого чакырабыз.