Борбор калаанын мэриясында мэр Айбек Джунушалиев менен Саха Республикасынын башчысы Айсен Николаевдин жолугушуусу өттү.
Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Вакунов, мэрдин орун басарлары жана башкалар катышты.
Бишкек шаары менен Саха Республикасынын шаарларынын ортосундагы муниципалитеттер аралык эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, атап айтканда жол кыймылын автоматташтыруу, анын ичинде "акылдуу" светофорлорду жана видеобайкоону колдонуу, ошондой эле шаардык инфраструктураны башкаруу үчүн кырдаалдык борборлорду түзүү, маданий-гуманитардык чөйрөдө, билим берүү жана спорт жаатында кызматташуу талкууланды.
Тараптар шаарды башкаруу, транспорт инфраструктурасы жана экология жаатында тажрыйба алмашууга даяр экендиктерин билдиришти.
2024-жылдын 29-ноябрында, Максим Аммосовдун бюстуна гүл коюу аземи болуп, ага Саха Республикасынын башчысы Айсен Николаев жана мэрдин орун басары Виктория Мозгачева катышты.
Белгилей кетсек, саха эли азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу жылдарында Кыргызстанды жетектеген Якутиянын улуу уулунун элесин эскеришет. Ал өз элинин жана өз доорунун улуу уулу болгон, якут элинин гана эмес, Казакстан менен Кыргызстандын элдеринин тарыхында өчпөс из калтырып, совет доорунда партиялык-мамлекеттик жетекчи болуп иштеген.