2024-жылдын 30-ноябрында шаар мэри Айбек Джунушалиев Ош - Баткен - Жалал-Абад - Талас багыттары каттаган келечектеги Ак-Кула ипподромунун жанында жайгашкан убактылуу батыш автобекетинин аймагын текшерди.
Борбор калаанын башчысы курулуп жаткан объектилер: күтүү залы, дарыкана жана жүргүнчүлөр үчүн жатакана менен таанышты.
Жеринде тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.
Эски батыш автобекетинин аймагынан көчүрүлгөн соода объектилеринин учурдагы ижара акысын сактап калуу милдети коюлду.
“Бишкекавтобекети” муниципалдык ишканасынын жетекчилигине айдоочулардын өтүнүчү боюнча оор жүк ташуучу унаалар үчүн аянтча уюштуруу тапшырмасы берилди.
Шаардык кызматтарга убактылуу автобекетке карай борбордук кире беришке светофор орнотуу, ошондой эле аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.
Белгилей кетсек, бүгүн бул убактылуу автобекеттен төмөнкү багыттар бар:
Эл аралык:
Бишкек-Ташкент, 19:00 - 21:00 (күн сайын)
Бишкек-Жиззак, 15:50 (күн сайын)
Шаарлар аралык:
Бишкек-Талас, 21:00; 22:00; 23:00 (күн сайын)
Бишкек-Көк-Сай, 20:30 (күн сайын)
Бишкек-Покровка, 23:30 (күн сайын)
Шаар четинде:
Бишкек-Сокулук
Бишкек-Беловодское
Бишкек-Петровка
Бишкек-Кара-Балта
Бишкек-Кайында
Бишкек-Сосновка
Бишкек-Чалдовар
Такси:
Жалал-Абад областы
Ош областы
Баткен областы
Талас району
Ал эми “Ак-Кула” жаңы убактылуу автобекетинен Бишкек шаарын көздөй No13, 40, 19 каттамдар уюштурулду.