Бишкек шаарында жолчулар «Динамо» стадионуна баруучу Мессарош  көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүштү.


«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан эски асфальт алынып, тротуар жана жол бордюрлары, ирригациялык система орнотулду.


Белгилей кетсек, адистер асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштерин аяктап, учурда жол сызыктарын түшүрүү иштери жүрүп жатат.