Октябрь районунда зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүккө арналган тегерек стол өттү.

№6 жана 8 үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, Октябрь районунун ИИББнын, билим берүү башкармалыгынын, №6, 7, 8, 9, 10, 11, "Көк-Жар " МАБнын өкүлдөрү, спорт комитетинин, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө  инспекторлору, социалдык кызматкерлер, ошондой эле" Шанс " КБнын кызматкерлери зомбулукка кабылган аялдарды жана кыздарды реинтеграциялоо боюнча өз ишинин алгоритми менен бөлүшүштү.

Катышуучулардын көтөрүлгөн маселелерин коллегиалдуу талкуулоонун натыйжасында зомбулукка каршы мүмкүн болгон чечүү жолдору жана андан аркы аракеттер иштелип чыкты.

Октябрь районунда аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакырган "гендердик зомбулукка каршы активдүүлүктүн 16 күнү" кампаниясынын алкагында иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Жыйынтыгында бардык тиешелүү органдарга кеңири коомчулук арасында гендердик зомбулуктун бардык түрлөрүнүн, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктун кылмыштуу мүнөзү тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырылды.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз зомбулукка же үй – бүлөлүк зомбулукка күбө болсоңуз, балдарга карата ырайымсыз мамиле жана зомбулук фактылары аныкталган учурда милицияга-102, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн ишеним телефонуна: 51-03-75, балдарга жардам берүү борборуна т.: 54 29 34, т: 44 25 10 номери боюнча, ошондой эле 111, 112, 115 ишеним телефондорунун номерлери боюнча кайрылууңуздарды суранабыз.