Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында мэр Айбек Джунушалиев менен Беларусь Республикасынын Премьер-министринин төрагасынын орун басары Анатолий Сивак жетектеген Беларусь Республикасынын делегациясынын жолугушуусу  өттү.

Жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Шаар башчысы Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы тарыхый жылуу жана достук мамилелерди баса белгилеп, ошондой эле «Бишкек  жашыл курулуш», «Тазалык», «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканаларына атайын жана жол куруучу техникаларды жеткирүүнү уюштуруп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Айбек Джунушалиев муниципалитеттин ишмердүүлүгү жана жакынкы пландары тууралуу айтып, эки тараптын кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга боло турган багыттарды белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга ишенимин билдиришти.

Маалымат үчүн. Бишкек шаары Минск шаары менен боордоштук мамиледе (2008-жылдын 11-октябры), буга чейин өнөктөштүк 1997-жылдан бери түзүлгөн.
2021-жылдын ноябрында Бишкек шаарынын мэри А. Джунушалиевдин  Беларусь Республикасынын Минск шаарына сапары уюштурулган. Кийин, ошондой эле  В. Е. Кухаревдин чакыруусу менен 2024-жылдын 13-15-сентябрында калаа башчысынын Минск шаарына иш сапары болгон (Минск күнүн белгилөө боюнча салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн).
Иш сапардын алкагында Бишкек шаарынын мэриясы менен Минск шаардык Аткаруу Комитетинин ортосундагы 2024-2026-жылдарга соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына кол коюлду.