Борбор калаада Октябрь районунун №25 МЧББунун базасында методисттер үчүн "Мектепке чейинки курактагы балдарды руханий-адеп-ахлактык тарбиялоодо улуттук педагогиканы колдонуу" деген темада семинар өттү.
Семинардын жүрүшүндө методисттер жүн менен сүрөт тартып, жандуу мастер-класска күбө болушту. Иш-чарага 90 адам катышты.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти уюштурду.
Улуттук педагогика мектепке чейинки курактан баштап балдардын адеп-ахлактык багыттарын калыптандырууда маанилүү ролду ойнойт.
Улуттук педагогиканын заманбап педагогикалык усулдары менен салттарын шайкеш айкалыштыруу терең адеп-ахлактык принциптерге жана өзүнүн маданий мурастарын урматтоого ээ болгон жаңы муунду тарбиялоого мүмкүндүк берет.