Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен борбор калаадагы базарлар иретке келтирилүүдө. Учурда Орто-Сай жана Аламүдүн базарларында иштер жигердүү жүрүп жатат.
Мэрдин орун басарлары Азамат Кадыров менен Рамиз Алиев, шаардык кызматтардын кызматкерлери, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы, КР ӨКМнин кызматкерлери жогорудагы базарларды текшерүүгө алышты.
"Аламүдүн" базарында өрт коопсуздугунун сакталышына баа берилип, өрт-тактикалык машыгуулар өткөрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникасы Жибек-Жолу проспектисинен Муса Жалил көчөсүнө чейин өрт өчүрүүчү өтмөк менен жүрдү. Бастырмалар жана уруксатсыз иштеп жаткан объектилер тоскоолдук жаратты. Базардын директору жеңил
типтеги объектилерди эки күндүн ичинде демонтаждоо милдетин алып, ал эми бастырма объекттин ээси тарабынан өз ыктыяры менен алынды.
Муниципалдык инспекция тарабынан башаламан соода-сатыкка жол бербөө үчүн күн сайын көзөмөл жүргүзүлүүдө. Буга чейин соодагерлерге эскертүү берилген, ага карабастан соода эрежелерин бузуу фактылары аныкталууда. Рейддер күндүз да, түнкүсүн да жүргүзүлүүдө.
«Аламүдүн» базарынын аймагына ыраатсыз токтоочу жайларга жана объектилерди уруксатсыз орнотууга көңүл бурулду. Автоунаалардын баш аламан токтотулушу адамдардын өтүүсүнө тоскоолдук жаратып, жол эрежелерине каршы келет жана шаардын эстетикалык көрүнүшүн бузууда. ЖККБ башаламан токтогон айдоочуларга айып пул салат.
Базардын ээсине муниципалитет тарабынан ижарага алынган аймакты иретке келтирүү тапшырмасы берилди. Мыйзам бузуу аныкталган учурда Бишкек шаарынын мэриясы базардын аймагында тартипти орнотуу боюнча тиешелүү чараларды көрөт.
Базардын ичиндеги парк да көңүл сыртында калган жок, ошондой эле тиешелүү кызматтар тарабынан тартипке келтирилет. Санитардык нормалар талкууланды, анткени коомдук тамактануу жайларынын көбү тамак-ашты ачык абада даярдашат, бул адамдардын ден соолугуна зыян кетирет.
Муса Жалил жана Будённый көчөлөрүнүн капталына 300 орундуу көп кабаттуу унаа токтотуучу жайды түзүү планы талкууланды. Мындай чаралар башаламан унаа токтотуу маселесин иретке келтирип, жарандардын эркин жүрүүсүнө жана коомдук транспорттун өтүшүнө шарт түзөт.
Рейд Орто-Сай базарында да өттү. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги базардын өрт коопсуздугунун нормаларына шайкештигине баа берди. Сүйөркулов көчөсүнөн өрт өчүрүүчү техникалардын өтүүсүнө туура эмес токтотулган унаалар тоскоолдук жараткан.
Безымянная көчөсү тарапка 300гө жакын орундуу заманбап көп кабаттуу унаа токтотуучу жайды куруу боюнча маселелер көтөрүлдү. Балдар аянтчасын куруу иштери башталды.
Сүйөркулов көчөсү тарапка мэриянын талабына ылайык иштеп, экологияны жакшыртууга жардам бере турган таштандыларды сорттоочу жай куруу маселеси каралды.
Ушундай эле рейддер бардык базарларга тиешелүү. Иштер Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин жана тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин туруктуу көзөмөлүндө.