Ленин районунун аймагында Новопавловка МАБда акысыз мектеп автобустары жүрүп баштады.

Белгилей кетсек, аталган аймакта 4 мектеп жана 4 бала бакча жайгашкан.

Дача-Су, Учкун, Учкун-2 айылдарында окуган окуучулардын саны 2000ден ашат. Аталган райондордогу мектептердин жоктугуна байланыштуу окуучулар Манас айылындагы "Ат-Башы" мектеп-лицейинде 3 - 7,5 чакырым алыс аралыкта билим алышат.

Ленин муниципалдык администрациясы менен "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын ортосунда мектеп окуучуларын акысыз ташуу боюнча келишим түзүлгөн.

Учурда Дача-Су, Учкун жана Учкун-2 аймактарында мектеп окуучуларын эртең мененки саат 07:00дөн кечки 19:00гө чейин акысыз ташуу иштери жүргүзүлүүдө.