Свердлов районунда аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга багытталган “Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” эл аралык кампаниясын колдоо максатында гендердик зомбулукка каршы кызгылт сары флешмоб өткөрүлдү.
Акимияттын жана СӨБдин кызматкерлери зордук-зомбулук маселелери боюнча чалуулар үчүн кызгылт сары түстөгү шарларды жана ишеним телефондору жазылган маалымат китепчелерин таратты.
Акциянын максаты – коомчулуктун көңүлүн гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка буруу жана аны жоюуга аракеттерди көрүү.
Белгилей кетсек, 25-ноябрда республика боюнча гендердик зомбулукка каршы “Коркпо! Токтот! Жаша! акциясы башталган.