Борбор калаанын мэриясында мэрдин орун басары  Азамат Кадыров Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра баштаган Өкмөт делегациясын кабыл алды.

Талкуунун негизги темасы эки шаардын кызматташтыгын активдештирүү, маданий, экономикалык жана билим берүү тармагындагы байланыштарды чыңдоо болду.

Жолугушууда тараптар Бишкек менен Санкт-Петербургдун өнөктөштүгүнүн тарыхый маанисин баса белгилеп, активдүү диалогдун калыбына келиши эки шаардын өнүгүүсүнө өбөлгө болорун белгилешти.

Е.В. Кассюра тиешелүү эки тараптуу документтерди түзүү аркылуу Бишкек жана Санкт-Петербург шаарларынын мектептеринин ортосунда диалогду куруу, педагогикалык тажрыйба алмашуу жаатында практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар шаарды башкаруунун актуалдуу маселелерин чечүү үчүн эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө үмүттөнүштү, ошондой эле шаарды башкаруу, транспорт, экология, санариптештирүү, билим берүү жана маданият тармагында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн билдиришти.

Ошону менен бирге тараптар өз ара сапарларды уюштурууда активдештирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти, буга байланыштуу санкт-Петербург тарап Бишкек шаарынын өкүлдөрүн Россия Федерациясынын борборунун түндүгүнө келип кетүүгө жана шаардын турмуш-тиричилиги менен таанышууга чакырды.

Маалымат үчүн. Бишкек жана Санкт-Петербург шаарларынын өнөктөштүк мамилелери 2015-жылдын 24-ноябрында түзүлгөн. 2022-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында Бишкек шаарынын мэриясы менен Санкт-Петербург шаарынын Өкмөтүнүн ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча «Жол картасы» иш-чаралар планына кол коюлган. Жол картасынын алкагында маданият жана билим берүү тармагында тажрыйба алмашуулар жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Санкт-Петербург Өкмөтүнүн санариптештирүү жаатындагы мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилейбиз.